Кыргызстан менен Россиянын артисттери Кремль сарайында бекер концерт берет
27-февралда Москвадагы Кремль сарайында Кыргызстан менен Россиянын артисттери бекер концерт берет. Ага эки мамлекеттин башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Концертте эки өлкөнүн эл артистери, ансамблдери жана бий топтору өз өнөрүн көрсөтөтө.
"Билеттерди Москвадагы кыргыз коомдорунун лидерлери аркылуу, же Элчиликтен 25-февралга чейин аты-жөнүңүздөрдү берип, алсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.
Концерт саат 16.00дө башталып, 18.00гө чейин уланат. Кремль сарайына паспорт же билет менен гана кирүүгө болот.
Байланыш телефондору: +996 706 752 266 (ватсап), +996 777 555 882 (ватсап), +7 925 729 62 36 (ватсап), sar_timur82@mail.ru
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-rossiyanyn-artistteri-kreml-sarajynda-beker-koncert-beret
Добавить комментарий ×