Кыргызстан футбол курама командасы Японияга 4:0 эсебинде утулуп калды
Кечээ, 20-ноябрь күнү Япониянын Тайота шаарында Кыргызстандын футбол курама командасы менен Япония курама командасы беттешти. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстан командасы 0:4 эсебинде Японияга утулуп калды. Жолугушуу достук беттеши иретинде болуп өттү.
Талаа ээлери эсепти оюндун экинчи мүнөтүндө эле ача алды. Биринчи тайм 2:0 менен аяктады. Ал эми экинчи таймда япон футболчулары эсепти 4:0 гө чейин жеткире алды.
Эске салсак, буга чейин башкы машыктыруучу Александр Крестинин белгилеп кеткендей, Япония Азиянын эң күчтүү командалардын бири жана дайыма дүйнө чемпионаттарына катышып келет. Ал эми Кыргызстан курамасы Азия кубогунун финалдык раундуна алгачкы жолу өтүп отурат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-futbol-kurama-komandasy-yaponiyaga-40-esebinde-utulup-kaldy
Добавить комментарий ×