Кыргызпатент сынак жарыялайт. Жеңүүчү бир старптапка 500 миң сом алат

1 сентябрь 2020 11:03 1209 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пандемиядан кийинки шарттарда жаңыдан иш баштаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, Кыргызпатент жаңы старт-ап конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, Кыргызпатент жаңыдан иш баштайм деп турган ишкерлерге колдоо көрсөтүү иретинде "Startup Kyrgyzstan 2020-2021" республикалык сынагын жарыялайт!

Бир стартапты ишке ашырууга 500 миң сомго чейин акча бөлүнөт.

Сынактын катышуучулары өз бизнесин өнүктүрүү боюнча тренингдерден өтүшөт, бизнес-планды жазуу боюнча кесипкөй консультация алышат, ошондой эле потенциалдуу инвесторду же бизнес өнөктөшүн табууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 2021-жылдын 1-февралына чейин жүрөт.

Арыздар Бишкек шаары, көч. Москва, 62 . Телефон аркылуу сурап билүү :   +996 704 454 555, +996 701 939 317, 0 312 680 471

“Эң мыкты стартап сынагына катышып, кыялынызды ишке ашырыңыз!”, -деп чакыруу жолдоду Кыргызпатент.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzpatent-start-ap-synagyn-zharyyalady-zhechlrg-bir-startapty-ishke-ashyruuga-zharym-milliongo-chejin-akcha-blt



Добавить комментарий