Кыргыз-өзбек чек арасына жакын Шахимардан анклавында чыр-чатак катталды

22 июль 2018 02:20 1756 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

КР чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнүн билдиргенине караганда 1-июлдан 20-июлга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактарда чыр-чатактар катталган эмес. Бирок, берилген маалыматтарга ылайык КР жарандары Шахимардан анклавы (Өзбекстан Республикасы) аркылуу өтүп бара жатканда, өзбекстандык топтошкон балдар менен мушташып кетишкен.  Бул окуя  18-июлда болгон деп билдирүүдө. Алар  Шахимардан аркылуу Котормо айылына кетип бара жатышкан. КР эки жараны мушташтан жеңил жаракаттарды алышкан. Бул факты боюнча укук коргоо органдары менен, киийнчерээк эки өлкөнүн делегацияларынын, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында окуяны иликтөө иштери тапшырылды. Ал эми эки кыргызстандык жарандын абалдары жакшы. 

КР мамлекеттик чек ара кызматы коопсуздукту алдын алуу максатында чек арага жакын аймактардагы жашаган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zbek-chek-arasynda-kajradan-chyr-chatak-kattaldy



Добавить комментарий