Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүү үчүн эки тараптын комиссиялары Тажикстанда жолукту

6 февраль 2020 17:37 711 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектейт. 

Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар.

Вице-премьер-министр, ошондой эле кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-kjgjd-chech-chn-eki-taraptyn-komissiyalary-tazhikstanda-zholuktu



Добавить комментарий