Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркагандарга жөлөк пул берилет
Кыргыз-тажик чек арасында жазында болгон окуяларда жабыркагандарга ай сайын социалдык жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Жогорку Кеңеш ушул жылдын 28-30-апрелинде Баткен областында болгон окуялардан жабыркаган жана каза тапкан жарандардын үй-бүлөсүн колдоого ала турган мыйзам долбоорун колдоду.
Анын негизинде төмөнкү жарандар ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул алат:
-каза тапкан жарандардын 18 жашка чейинки балдары;
-каза тапкан жарандардын ата-энеси пенсия курагына жеткенге чейин, эгер каза тапкан жаран жалгыз бала болсо, өмүр бою;
-майыптыгы бар деп таанылган жабырлануучулар.
Мыйзам долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен бир жылда 3,4 млн сомдой каражат керектелет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-chataktan-zhabyrkagandarga-zhlk-pul-berilet
Добавить комментарий ×