Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү жагдай туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кечээ, 3-июлда Баткен районунун Аксай айылындагы газ толтуруучу станцияда Тажикстандын жараны станциянын ээсин-Кыргызстандын жаранын сабап салган.
Тажикстандын жараны газды Тажикистандын жарандарына сатпоону талап кылып, жинденип аталган газ куюуу станциясынын ээси 1964-жылы туулган Кыргызстандын Ж.Ж., аттуу жаранына башына жаракат келтирип, жыйынтыгында Кыргызстандын жараны алган жаракатынан улам Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми ур-токмоко алган Тажикистандын жараны Тажикистандын Исфара районун көздөй белгисиз тарапка кетип жашынган.
Бул окуяга нааразы болгон Аксай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух автожолун жаап салышкан.
Ушул эле күнү Кыргызстандын Баткен аймагы жана Тажикистандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн жолгушуусу болгон. Кырдаалды курчутпоо жана жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча өкүлү Адхам Мадумаров жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
2019-жылдын 4-июлу саат 02.00дө Исфара-Ворух авто жолу ачылып каттамдар жүрө баштаган.
Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды КР Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөлдөп турат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-abal-turuktuu
Добавить комментарий ×