Кыргыз-тажик чек арасындагы абал: түн тынч өттү

9 май 2020 09:23 1218 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Чек аймагында түн тынч өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Учурда абал туруктуу деп маалымдалууда.

"Түн тынч өттү, эки тарыптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды. Баткен облусуна Чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-майда кечке жуук Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Чек аймагында эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда келишпестик чыгып, алгач алар бири-бирине таш ыргытышкан. Эки тараптын чек арачылары абалды турукташтыруу үчүн асманга ок чыгарышкан, ушундай аракеттен кийин гана абал турукташкансыган. Бирок бир аздан кийин тажик чек арачылары кыргыз чек арачылары менен жай тургундарды көздөй минометтон ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын үч чек арачысы жаракат алган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasyndagy-abal-tn-tynch-tt



Добавить комментарий