Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чатак чыкты

23 апрель 2019 10:40 947 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы абал 23-апрель саат 10го карата салыштырмалуу туруктуу жана Кыргызстан менен Тажистандын чек арачылары тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Кечээ, 22-апрелде болжол менен саат 20:50дө Тажикстандын белгисиз жараны «Ворух» анклавынын аймагынан 2010-жылы туулган Кырызстандын жараны К.уулу Ш.ны кармап алып Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берген.Тажикстандык шарттуу чек аранын линиясында Каравшин ирригациялык системасында тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан.

30 мүнөттөн кийин тажик тарап К.уулу Ш.ны кыргыз тарапка өткөрүп берген. Тажикстандын жараны кармалган өспүрүмдү анын экскаваторунун айнегин талкалады деп айыптаган.

Буга нааразы болгон Кыргызстандын 50-60 жараны Аксай айылына чогулган.

Чек арадагы окуяны жөнгө салыш үчүн ушул эле күнү эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушту.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери телефон аркылуу сүйлөштү. Алар буга чейинки жетишилген макулдашууну сактоонун зарыл экени айтышып, курал колдонбоого макулдашты жана чек ара режимин сактоону такташты.

22-апрелде болгон окуяда тараптар курал колдонгон жок.

Учурда Исфара-Ворух унаалардын кыймылы калыбына келтирилди. Адамдардын массалык топтолуусу байкалган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-kajradan-chatak-chykty



Добавить комментарий