Кыргыз-тажик чек-арасы: жолдор жабык, ал тургай жүк-200дү да өткөрбөй жатышат

14 март 2019 10:22 1926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынчсыздандырууда. Коңшу мамлекеттин тургундары жолдорду жаап алышты. Ал тургай каза тапкан кыргызстандыктын сөөгүн өткөрүшкөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат  Таабылды Тиллаев парламентте билдирди. 

“Мен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштайм. Чындыгында ал жакта жагдай абдан тынч эмес. Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору менен эле алектенип жаткандай сезилет”,-деп белгиледи депутат.

Аны кесиптеши Карамат Орозова колдоп чыгып, өкмөт мүчөлөрүн саат 11ге  чакыртууну сунуштады

Төрага Дастанбек Джумабеков  маселени түштөн кийин кароону айтты. 

«Мен бул маселени өкмөт башчы менен кеңештим. Биринчи вице-премьер-министр окуя болгон жерге учуп кетти. Ошондуктан мен чиновниктер келгенден кийин маселени угууну сунуштайм”,-деп айтты төрага.  

Бирок депутаттардын добушу менен тиешелүү жетекчилерди саат 11ге чакырууну чечишти.

 Эскерте кетсек, кечээ 13-мартта Баткен областында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын ортосунда чатак чыккан.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasy-zholdor-zhabyk-al-turgaj-zhk-200d-da-tkrbj-zhatyshat



Добавить комментарий