Кыргызстандык спортчулар Болгарияда турнирде 7 медаль жеңип кайтышты

4 март 2019 13:08 1318 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Болгарияда өткөн Эл аралык Dan Kolov - Nikola Petrov аттуу турнирде грек-рим стили боюнча кыргыз мушкерлер 7 медаль жеңип келишти. Бул тууралуу күрөштүн биргелешкен дүйнөсү аттуу уюмдун сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, беттеш Русе шаарында 28-февралдан 3-мартка чейин өтүп, атамекендик спортчулар бир алтын жана алты коло медалдарын тагынышты.

Кыргызстандык Мурат Рамонов аттуу спортчу 130 кг чейинки салмак категориясында финалда Египеттен келген Мохамед Абделатифти 9:0 эсебинде жеңди.

Ал эми Үзүр Жусупбеков (97кг), Жоламан Шаршенбеков (60кг), Рустам Тейишов (60кг), Асан Сулайманов (55кг), Руслан Царев (72кг) аттуу спортчулар “коло” медаль тагынышкан. Кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак категориясында Швециядан келген Йоханн Маттсонду жеңип “коло” медалын багындырды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-sportchulary-bolgariyada-turnirde-kyrgyzstandyn-kurzhununa-7-medal-zhenip-kajtyshty



Добавить комментарий