Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат
Бөлүшүү:
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, Кытайдагы белгилене турган майрамга карата “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери транспорт каражаттарынын өтүүсүнө 14-июндан тарта жабылат.
Кытай тараптын демилгеси менен жабылып жаткан бекеттер 15-июндан тарта ачылат.
Белгилей кетсек, атайын алгоритмге боюнча, Кытайдан Кыргызстанга “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери аркылуу бир гана жүктөр өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasyndagy-beketter-ubaktyluu-zhabylat
Добавить комментарий ×