«Иркештам-автожол» өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Кыргыз-кытай мамлекеттери чектешкен «Иркештам-автожол» өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү кытай тараптын демилгеси менен КЭР «Ажыдаарлар кайыгы фестивалы» (күрүч майрамы) белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Иркештам-автожол» өткөрүү жайы 2020-жылдын 25-28 июнь күндөрү убактылуу жабылып, жүктөрдүн өткөрүлүшү токтогонун маалымдады.
«Иркештам-автожол» КӨЖү аркылуу жүктөрдүн өткөрүлүшү 2020-жылдын 29-июнунда жанданат.
Эскерте кетсек, «Иркештам-автожол» өткөрүү жайы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташуу үчүн гана өзгөчө алгоритмде 2020-жылдын 15-апрелинен баштап иштеп баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasy-irkeshtam-avtozholu-ubaktyluu-zhabylat
Добавить комментарий ×