Кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды азайтуу үчүн “Чалдыбар” бекети ачылды

11 июнь 2020 12:01 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекети өз ишин баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Аталган өткөрмө бекети “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында 10-июнда ачылган.

Маалыматка караганда, өткөрмө бекетинен өтүп жатканда бардык айдоочулар коронавирусту аныктоочу экспресс-тест тапшыруусу керек. Анализи таза чыккан айдоочулар Казакстанга кире алышат.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы: “Ак-Тилек”, «Чалдыбар», «Чоң-Капка» бекеттери иштөөдө.

Белгилей кетсек, “Ак-Тилек” менен «Чоң-Капка» чек ара бекеттеринен жарандар жана жүк ташуучу автоунаалар өтө алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kazak-chek-arasyndagy-tygyndy-azajtuu-chn-chaldybar-beketi-achyldy



Добавить комментарий