Кыргыз-казак чек арасында жүзгө жакын жүк унаалары өтө албай турат

20 март 2019 11:53 1358 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 19-март саат 20:00гө карай кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек-унаа жолу” өткөрүү пунктунда жүк унаалары топтолуп калды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Бул жагдай Казакстандын чек арачыларынын унаа каражаттарын текшерүү убактысын жай жүргүзүп, тыкыр текшерүүгө алып жаткандыктан улам келип чыкты.

Бүгүн, 20-мартта саат 09:00гө карай “Ак-Тилек-унаа жолу” өткөрүү пунктунда Казакстанга өтүш үчүн кезек күтүп 90го жакын жүк унаалары турат.

Бир саатта 4-5 унаа өтүүдө.

Кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерде унаалардын топтолушу каттоого алынган жок.

Ошол эле маалда кыргыз тараптан чек арада чектөө коюлган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kazak-chek-arasynda-zhzg-zhakyn-zhk-unaalary-t-albaj-turat



Добавить комментарий