Кыргызстандын Жогорку технопаркы Түркиянын ODTÜ уиверситети менен кызматташат
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин (Orta Doğu Teknik Üniversitesi) ректору, профессор Мустафа Вершан Кѳк менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар "Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин" Технокент илимий изилдѳѳ бизнес борбору менен Кыргызстандагы Жогорку Технопарктын ортосунда байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга келишти.
Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев “Жакынкы Чыгыш Техникалык Университети" Түркиядагы эӊ алдыӊкы Жогорку окуу жай болгондугуна байланыштуу, инженердик технология жана экономика тармактарында билим алуу максатында кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү жана Кыргызстанын Техникалык университеттеринин бири менен достук жана кызматташтык мамиле түзүүнү сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-elchisi-turkiyadagy-profesor-menen-zholuktu
Добавить комментарий ×