Кыргыз балбандары Түркияда көчмөндөр оюнунда бет келгенин жеңип, 1-орунда келе жатышат

2 октябрь 2022 10:44 2077 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча кыргыз курама командасы 10 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият маалымат жана жаштар саясатв министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында“Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өттү.

“Алыштын эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын,  2 күмүш жана  3 коло жеңди.

Кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

80 кг салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.

Ошондой эле, 70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы  19 медаль жеңди.

Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-balbandary-trkiyada-kchmndr-oyununda-bet-kelgenin-zheip-1-orunda-kele-zhatyshat



Добавить комментарий