Садыр Жапаровду жубайы коштоп келди. Өлкө башчы аймактардан келген айымдар менен жолугушту

5 март 2021 16:14 20704 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу  "Барометр" билдирет. 

Мамлекет башчыны жолугушууга жубайы Айгүл Асанбаева коштоп келди. 

Белгилей кетсек, Жапаровдун жубайы буга чейин, коомчулуктан оолак болуп, мамлекеттик иш-чараларга катыша элек болчу. Алдыдагы айымдардын 8-март майрамына карата уюштулган жолугушууга өлкө башчынын жубайы ачык түстөгү классикалык көйнөк кийип, чачын тыкан жасап, ак түстөгү жемчуг сөйкө, күрөң түстөгү сумка жана туфли кийип жолдошун жандап келген. 

Коомчулуктун көз алдында Садыр Жапаровдун жубайы сабырдуу, чыдамкай, кайраттуу, назик жана бир мүнөз айым катары таанылып келет. Канайымдын жашоосунда оор сыноолор, эне катары жүрөк сыздаткан жоготуулар да болуп өттү. Бүгүнкү биз көрүп жаткан ажарлуу биринчи айым статусуна жеткиче бир топ кыйынчылыктарды жеңип келди.

Жаз айынын алгачкы күндөрүндө 8-март айымдардын эл аралык майрамынын урматына уюштурулуп жаткан иш-чарада президент Садыр Жапаров да айымдарды турмуштун оор сыноолорун кеменгер акылы, кайратман күчү менен жеңип келе жатканын баса белгиледи.

«Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда  сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-ayaldary-oor-synoolordu-kajrattuulugu-menen-zheip-kelet-zhaparovdun-ajymdarga-arnalgan-kuttuktoosu



Добавить комментарий