Кылымдын кылмышы: айылдык китепканачы аял коррупционер деп жарыяланды

29 март 2019 11:21 4559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аял алты жыл бою айылдаштарына жалган бланка толтуруп китеп берген. Татарстандын Кукморский районунда жөнөкөй китепканачы аял коррупциялык иштерди кылганы жарыяланды. Бул тууралуу аталган райондун «Трудовая слава» гезитинин “Коррупцияны токтотуп-өлкөнү тазалайбыз!” деген рубрикасынын алдына чыккан маалыматта айтылат.

Прокуратура жана укук коргоо органдары тарабынан эки коррупциялык кылмыштын бети ачылган. Биринчи кылмыш жергиликтүү токойчу кызыл карагайларды кыйып жиберип, аны кайра төлөп берген.

Экинчи кылмышта Яныльская айылдык китепканасынын башчысы “өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып 2009-жылдан 2015-жылга чейин айылдык китепканага келбеген кишилердин атына формуляр толтурган”. Чындыгында анча киши китепканага келген эмес.

Бул кабардан кийин интернет колдонуучулар күлкүгө карк болуп “Кылымдын кылмышы”, “ОМОН менен барып кармашса керек”  деген сыяктуу  тамашаларды жазып жатышат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kylymdyn-kylmyshy-ayaldyk-kitepkanachy-ayal-korrupcioner-dep-zharylandy



Добавить комментарий