Кылычбек Султанов Кыргызстанга Курултайга катышуу үчүн келди

21 ноябрь 2018 13:30 1069 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу социалдык тармактарга чыкты. Ал эми Супер Инфо бул маалыматты тастыктап, Султанов 24-ноябрда өтө турган курултайга катышуу үчүн келгендигин айтышты. 

Эске салсак, Кореяда учакта мас болуп чыр чыгарган Зууракан Каденованын окуясынан кийин бир топ чиновниктер жумушунан кетишкен. Алардын арасында Кылычбек Султанов дагы бар. Мындай чуулуу окуялардан кийин Султанов азыркы бийликке ишенбей тургандыгын, саясий баш паанек сурап чет өлкөдөн келбей тургандыгын айткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/kylychbek-sultanov-kyrgyzstanga-kurultajga-katyshuu-chn-keldi



Добавить комментарий