Видео. Кыйкырып жатып эси ооп жыгылып калды. Ала качуу качан токтойт?
Социалдык түйүндөрдө ала качып келген кыз кыйкырып жатып, эси ооп жыгылып калган видео талкууланып жатат. Мындай видеону жүктөгөн Нурлан Токтосунов аттуу интернет колдонуучу окуянын кайсы жерде, казактарда же кыргыздарда болгону тууралуу маалыматты жазган эмес.
Ал эми интернетте казактардыкы экендиги айтылды. Ошентсе да, казакта болобу, кыргызда болобу, учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири болгон ала качуу Бурулайдын окуясынан кийин деле эч кимге сабак болбоптур деген өңүттө пикирлер жазылды.
Видеодо көрүнүп тургандай кыйкырып жатып, эси ооп калган кызды көрүүгө болот.
Айрымдары бул видеону шоу десе, көпчүлүк ала качкан адамдарды тилдеп, сөгүп жатып калышты. Ал эми кыйкырынган кызды да "Аял болуп жарытпайт го", "Азыртан ушинтип жатса, уйүнө жеткирип койгон оң", "Мындайлар келечекте аял, эне, таене болушу күмөн"-деген пикирлерди жазгандар да болбой койгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/kyjkyryp-zhatyp-esi-oop-zhygylyp-kaldy-ala-kachuu-kachan-toktojt
Добавить комментарий ×