Куткаруучулардын ишин күчөтүү керек. Бишкекте бассейндерге рейд жүрүүдө

17 июнь 2022 15:12 819 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте бассейндердин коопсуздугу жана тазалыгы боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.


Белгилүү болгондой, рейдди Октябрь акимиаты, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Октябрь райондук өзгөчө кырдаал бөлүмү  жана МАБдардын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүп жатат.

"Спорттук-көңүл ачуучу жайлардын, бассейндердин администрациясы жана кызматкерлери менен түшүндүрүү мүнөзүндөгү профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Октябрь районунун өзгөчө кырдаал бөлүмү тарабынан бассейн кооптуу жай экендигин эскертти. Ушуга байланыштуу, бардык коноктор жаракат алуудан жана кырсыктардан сактануу үчүн, жүрүм-турум эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сакташы керек экендигин эскертти. Ошондой эле машыктыруучулардын жана куткаруучулардын ишин күчөтүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/kutkaruuchulardyn-ishin-kcht-kerek-bishkekte-bassejnderge-rejd-zhrd



Добавить комментарий