"Кут билим" билим берүү комплексинде бир катар санитардык эрежелер бузулгандыгы аныкталды

11 декабрь 2020 10:43 971 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Байтик айылындагы "Кут билим" комплексинде мыйзам бузуу фактысы боюнча жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

8-декабрда Шаардык медициналык тез жардам кызматынын балдар клиникалык ооруканасына тамак-аштан уулану диагнозу менен жалпы 25 жабырлануучу жаткырылды, анын 24ү бала жана бир чоң адам. Бүгүнкү күндө бардык бейтаптар канааттандырарлык абалда медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылды.

Аламүдүн райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун оорунун очогунда жүргүзгөн санитардык-гигиеналык иликтөөсүнүн жүрүшүндө бир катар санитардык эрежелер бузулгандыгы аныкталды.

Аныкталган эреже бузууларга ылайык, мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам бузуу фактысы боюнча жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды:

- аталган мектептин жетекчисине 150/4 берене боюнча (23000 сом);

- кампачы-камсыздоо менеджери, азык-түлүк жеткирүүчүгө 150/4 берене боюнча (7500 сом);

- медициналык кызматкерге 150/4 берене боюнча (7500 сом);

- ашпозчуга 150/4 берене боюнча (7500 сом).

Оорунун очогунда санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү алынды.

Лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн алынган тамак-аш азыктарынын үлгүлөрү иштөөдө, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет

Ссылка: https://barometr.kg/kut-bilim-bilim-ber-kompleksinde-bir-katar-sanitardyk-erezheler-buzulgandygy-anyktaldy



Добавить комментарий