Курулуш тармагындагы адистердин айрымдарына сертификаттары узартылган жок

11 март 2020 17:07 500 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамкурулуштун регулятивдик ишмердүүлүк бөлүмү жыл башынан бери Кыргызстандын курулуш тармагында иш алып баруу  үчүн  112 лицензиясын  жана 274 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды тариздеген. Бул тууралуу Мамкурулуш Агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ал эми жалпы 112 лицензиянын ичинен 86 уюм биринчи жолу лицензиясын алышкан.

Ошондой эле, отчеттук мезгили боюнча курулуш тармагындагы адистерге  274 мамлекеттик квалификациялык сертификаттары таризделген. 

Анын ичинен мөөнөтүү бүткөнүүнө байланыштуу  157 сертификаты узартып берилген жана 21 адистерге компетенттүүлүгү жоктугуна байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kurulush-tarmagyndagy-adisterge-sertifikattardy-uzartyp-berishti



Добавить комментарий