Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум 18-сентябрга жылдырылды
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча жаңы адвокат дайындалгандыктан 8-сентябрда боло турган сот отуруму болгон жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө бир катар кылмыштарды жасаган деп Асанов К.С., Бейшенбеков Т.Б., Пайзилда уулу Д.га карата кылмыш иши каралууда" деп айтылат билдирүүдө.
Ишке жаңы адвокаттын киришине байланыштуу сот отуруму 2020-жылдын 18-сентябрында саат 10: 00гө жылдырылды.
Эске салсак, Курсан Асановго карата үч иш козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин ( Дамирбека Пайзылда уулу и Мухаммед-Али Асанов) өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп айып коюлууда.
Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталууда.
Үчүнчү иши 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон окуяларда далилдерди атайлап жок кылган деп айыпталууда. Тактап айтканда, ал кылмыштын издерин атайылап жок кылып, уулу Асанов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин опер кызматкери Пайзилда уулу менен тил табышып, “тергөө органдары үчүн баалуу жана маанилүү болгон материалдык далилдерди жана башка буюмдарды жашырган, кийинчерээк алар Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп беришкен” деп иш козголгон.
Мурда маалым болгондой, 2019-жылдын 13-августунда Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан "Кыргыз полициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылгандыгы жана ишенимди жоготкону үчүн" деген айып менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, өткөн жылдын 14-августунда Башкы прокуратура Асановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-ishi-boyuncha-sottuk-oturum-18-sentyabrga-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×