Видео. Курсан Асановдун Атамбаевдин бункеринде сүйлөшүү жүргүзүп жаткан видеосу соцтармактарда тарады

8 август 2019 21:40 1283 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Генерал Курсан Асанов Атамбаевдин бункеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан видео Социалдык тармактарда тарады

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мурдагы президент Атамбаевдин үйүндөгү бункерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учуру тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо Асанов Фарид Ниязовго кайрылып бункердин эшигин ачууну, Атамбаевчилер тартып алган курал-жарактарды кайра сурап жатканы бар. Башка эч ким кирбейби деп бункердин ичинен айтылган сөзгө Курсан Асанов силерге эч ким тийбейт, деген Генералдык сөзүн берет.

Биз куралдарды алалы, калганынын баары сүйлөшүлгөн боюнча мыйзам таласында болот дейт Асанов.  

Генерал ошондой эле, Алмазбек Атамбаев кийинип чыгып кайсыл унаага кайсыл унаага, Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов кайсыл унаага отуру керектигин айткан.

Соцтармактарда ошондой эле, Кой-Таштагы үйүнөн Алмазбек Атамбаевди, Кундуз Жолдубаеваны транспорттор менен алып чыгып кетип жаткан видео бар.

Эске сала кетсек, Атамбаевди бүгүн күч органдарынын биргелешкен операциясынын натыйжасында, жаш агызуучу, катуу үн чыгаруучу тарсылдактарды колдонуу менен курчоого алып, колго түшүрүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-atambaevdin-bunkerinde-sjlsh-zhrgzp-zhatkan-videosu-soctarmaktarda-tarady



Добавить комментарий