Курортология институтунда коронавирус менен ооругандар үчүн 200 орун ачылды

3 июль 2021 09:37 739 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илимий институтунда 29-июндан бери коронавирус инфекциясы менен жабыркаган  бейтаптар үчүн 200 койка орун жайгаштырылды анын, 20 койкасы интенсивдүү терапия  палатасына коюлду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка таянып, “Барометр” билдирет.

Курортология инсититуту Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айылында жайгашкан.

Инсититуттун башкы дарыгери Акбаралы Махмадиевдин айтымында, аталган институтта иштеген баардык адистер COVID-19ду дарылоонун 5-протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн.

“Дарыгерлер, медайымдар жана калган баардык адистер өткөн жылы дагы тажырыйба алышты. Персонал үчүн да, бейтаптар үчүн да тамак-аш калориялуу, үч маал берилет”,-деп айтты дарыгер.

Учурда аталган бейтапканада коронавирус менен ооруган 134 бейтап дарыланууда, алардын биринин абалы өтө оор, 18 бейтаптын абалы оор, 27 адамдын абалы орточо оордукта.

Ссылка: https://barometr.kg/kurortologiya-institutunda-koronavirus-menen-oorugandar-chn-200-orun-achyldy



Добавить комментарий