Курчоодо калган Туйгуналы Абдраимов басма сөз жыйынын өткөрүүгө мажбур болду

6 июнь 2019 12:50 1926 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Чүй областындагы өкмөттүн өкүлү Туйгуналы Абдраимов кечээ, 6-июндагы жүрүм-туруму тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берди.

Бүгүн жарандык активисттер менен журналисттер өкмөт өкүлүнүн кабинетин курчоого алышкандыктан, ал басма сөз жыйынын өткөрүүгө мажбур болду.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында журналист кыз аны прокурордун үнү менен аны суракка алып жана эмне үчүн кечиккенин сураганда ачууланган.

“Мен качан барам бул менин маселем, ал кыз аябай одоно сурады. Ошондуктан мен эткеткасы жок жооп бердим.(өкмөт өкүлү этиканын ордуна этикетка деп жооп узатты). Мен кечирим сурабайм, анткени ал мага туура эмес кайрылды”,-деп билдирди Абдраимов. 

Өкмөт өкүлү чатак чыккан Орок айылында саат 19дар чамасында гана барганын маалымдалган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kurchoodo-kalgan-tujgunaly-abdraimov-basma-sz-zhyjynyn-tkrg-mazhbur-boldu



Добавить комментарий