Куудул Тынар: "Шайлоодо мурдагы депутаттар кайра келсе, Россиянын жарандыгын алам"

1 август 2020 12:18 5252 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куудул Тынар Курбаналиев шайлоодо мурдагы депутаттар кайра шайланса, башка өлкөнүн жарандыгын алып, көчүп кете турганын айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

“Шайлоодо баягы эле депутаттар кайра келип, өзгөрүү болбосо, Россиянын жарандыгын алып, ошол жакка кетем. Булар келечекти жок кылат”, - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, КРнын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/kurbanaliev-shajloodo-murdagy-deputattar-kajra-kelse-rossiyanyn-zharandygyn-alam



Добавить комментарий

  • Тынар сен Орусиянын эмес, башка, онуккон олколордун жарандыгын алганга, ошол жака кеткенге аракет кыл. Анткени сен айткан Орусия деле жыргап жаткан жери жок. Артта калган,баардык тараптан кысылган олко ал, Орусиян. Адам укугу, мыйзам деген жок жана болгон да эмес ал жакта. Бизден баргандар Москва менен Питерди жана ал шаарлардагы элдин бир аз тузук жашоосун коруп алып эле суйлой беришет.
  • Башка региондорундагы шаар, айыл-кыштактарынын жашоосун коруп, салыштырууга кобунун тушунугу жетпейт. Орусиян артта калган, баардык тараптан кысылган олко. Адам укугу, мыйзам деген жок жана болгон дагы эмес. Болбойт дагы. Аны ээрчиген биз жыргамак белек анан. Эч нерсе озгорбойт бизде. Мыйзамды сыйлабаган, мыйзам менен жашабаган коом жакшы эч нерсеге татыктуу эмес!