Куран окутам дегендер палоо, нан жана бир чыны чай берсе жетет
Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев куран окутканда ыгы жок чыгымга жана ысырапкорчулукка жол бербөө керектигин айтты. Бул боюнча пикирин социалдык тармакка жазды.
“Эң сонун жөрөлгө, колдойм! Куран окутканда салат-палат, алма, жүзүм, таттуунун кереги жок! Эт, бешбармактын да кереги жок! Плов, лепешка, бир чыны чай! Болду! Ушунчалык эле
этсиз болбойт десеңер сулп эттен көбүрөөк кошуп койгула пловдун үстүнө! Ушундай менюну үгүттөп, керек болсо мажбурлап жайылтсак чоң иш болоор эле дейм! Куран да окулат эле, ысрап да болбойт эле...” — дейт Акматалиев.
Буга чейин аш-тойдо ыксыз чыгымдар болору айтылып, жазылып келди. Айрым аймактарда маркумду жерге берүүдө мал союуга тыюу салган же бодо мал эмес майда жандык союула баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/kuran-okutam-degender-paloo-nan-zhana-bir-chyny-chaj-berse-zhetet
Добавить комментарий ×