КТРКнын мурунку башчысы Жайнак Үсөн уулу кызмат ордун калыбына келтирүүнү талап кылып жатат
Бөлүшүү:
Бүгүн, 8-октябрда КТРКнын мурунку директору Жайнак Үсөн уулу кайрадан өз милдетин улантууну көздөп телеканалдын имаратына келген. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев фейсбук баракчасына жазды.
“Жайнак Үсөн уулу КТРКга анын кызмат ордун калыбына келтирүү талабы менен келди. Эми ал коллектив менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр”, -деген билдирүү калтырган Керимбаев.
Эскерте кетсек, 6-октябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин чукул жыйыны болуп, анда КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулунун өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызы каралган. КТРКнын Улуттук Ассамблеясынын мүчөлөрү бир добуштан добуш беришип, арызды кабыл алышкан.
Добавить комментарий ×