КТРКдагы электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосунун себеби аныкталды
«Северэлектро» ААКнын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана көзөмөлдөөчү бардык ыкчам кызматтарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Түндүк электр" ААК басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 30-сентябрь күнү саат 21:36да жогорку чыңалуудагы «Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКнын «Ново-Западная» көмөкчордонунда 35 кВ кайчылаш өткөрмөсүндөгү жердештирүү коргонуусу иштеген. Иштешинин себеби болуп, «Транс- Электро» ЖЧКсынын балансындагы «Ново-Западная – Сельмаш-1» 35 кВ кабель чубалгысы жабыркагандыгы белгилүү болду.
«Северэлектро» ААКнын оперативдүү кызматкерлери тарабынан жабыркаган кабель чубалгысын издөө иштери жана электр энергияны башка булагына кошуу иштери жүргүзүлөн. Башка булака кошуу учурунда, тагырагы саат 21-48ден 21-56га чейин 8 мүнөт КТРКнын административдик мекемеси электр жарыгысыз калган.
Азыркы тапта «Северэлектро» ААКнын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана көзөмөлдөөчү бардык ыкчам кызматтарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары өчүрүүнүн келип чыгышын иликтеген комиссия түзүлдү. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
«Северэлектро» ААК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrkdagy-elektr-energiyasynyn-zgltkk-uchuroosunun-sebebi-anyktaldy
Добавить комментарий ×