КРнын эмгек сиңирген энергетиги Болот Иманалиев: Мен сот акыйкат чечим кабыл алып жана Артыкбаевди актайт деген ойдомун

5 апрель 2019 16:04 14649 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин адвокаттары журналисттерге айтканында, тергөөгө, ошондой эле сотко Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча депутаттын күнөөсүз экенин далилдеген документтерди беришкен. Эскерте кетсек 3-апрелде Свердлов райондук сотунун судьясы иштин башка фигуранттардын адвокаттары келбегенине байланыштуу процессти жылдырган.

Адвокат Замирбек Базарбековдун, айтымында, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо Артыкбаевдин күнөөсү жок, бул тууралуу тергөө маалында коргоо сотко берген көп сандаган документтер тастыктап турат.

“Биз ишин жактап жаткан адамдын күнөөсүз экендигин айгинелеген баардык далилдер бар. Ал ТЭЦ боюнча чечим кабыл алган эмес, ТЭЦке байланыштуу документтерге кол койгон эмес жана бул долбоорду колдогон эмес. Баардык чечимдер - компанияны тандоо, келишимдин суммасы, ошондой эле контрактын формасы ал министр болгонго чейин эле чечилген. Анан калса Артыкбаев  модернизациянын өзүнө катышкан эмес. Модернизация башталганга чейин эле Артыкбаевди министр кызматынан алышкан”, - деп айтты адвокат.

Адвокат буга чейин тергөө Артыкбаев ТЭЦке байланышуу бир дагы документке кол койбогонун ырастаганын кошумчалады.

"Жогорку Кеңеште тергөө башкармалыгынын башчысы  Сагынбек Самудин уулу да Артыкбаев чечим кабыл албаганын тастыктаган. Министрлик болгону процедуралдык гана тапшырмаларды аткарган”,-деп эсептейт адвокат.

Кыргызстандын эмгек сиңирген энергетиги Болотбек Иманалиев сот адилет чечим чыгарып жана Артыкбаевди акташы керек деген оюн билдирди, анткени анын күнөөсү жок.

"Осмонбек Артыкбаевди мен бала кезинен бери билем. Өз аракети менен ийгиликке жеткен, эч убакта бирөөгө жамандык кылып бирөөнү алдаган жигит эмес, дайыма элге жардам берип жүрөт.

Артыкбаев  өлкө үчүн көп нерселерди жасады - социалдык маселелерди чечти, мектептерди, көпүрөлөрдү курду жумушчу орундарды түздү. ТЭЦ иши боюнча айта турган болсок, долбоор боюнча чыныгы чечимди кабыл алгандардын күнөөсүн ага тагууга аракет кылып жаткандай сезилет. Мен сот акыйкат чечим кабыл алат деген ойдомун”,-деп эсептейт Иманалиев.

Генерал-лейтенант, юридика илимдеринин кандидаты  Калмурат Садиев да Артыкбаев акталышы керек деп эсептейт.

“Биз Токтогул районунан Осмонбек Артыкбаевди колдоо үчүн келдик, бул жерде анын жакындары, тарапташтары, биздин райондун аксакалардары бар. Сот процесси боюнча өз пикиримди билдире турган болсом ТЭЦ боюнча ким күнөөлүү, ким күнөөлү эмес муну сот четет. Бүгүнкү күндө биздин угушубузга караганда маалыматтарды так окуп көрбөгөндөн кийин  ЖМКдагы маалыматтарга таянсак, Осмонбек Артыкбаевдин чындыгында күнөөсү жок.

Белгилүү болгондой ТЭЦти модернизациялоо чечими эки компаниянын - “Электр станциялары” менен ТВЕАнын ортосунда түзүлгөн. Министрликтин буга эч кандай тиешеси жок. Компаниянын акциялары Мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Насыяга келе турган болсок ,аны Каржы министрлиги алган. Артыкбаевдин бул ишке катыштыгы жок”, - деп айтты Садиев.

Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-emgek-siirgen-energetigi-bolot-imanaliev-men-sot-akyjkat-chechim-kabyl-alyp-zhana-artykbaevdi-aktajt-degen-ojdomun



Добавить комментарий