КРнын эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова президентке кайрылуу жасады

1 апрель 2019 09:47 3117 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

КРнын эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова президент Сооронбай Жээнбековдон чоң концерттик зал куруп берүүсүн өтүнүп кайрылуу жасады. Бул тууралуу Муратова өз үнүн фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Анда ырчы:

«Урматтуу президент! Сураныч бизге чоң концертик зал куруп бериңиз. Өлкөнүн өнүгүүсү маданияттан башталат. Маданияттуу өлкө – өнүккөн өлкө! Кыргызстандын маданияттуу өнүгүүсүнө салымыбызды кошолу!», -деген пикирин билдирди.

Өз учурунда интернет колдонуучулары Жамиля Муратованын кайрылуусун колдоого алышып айрымда башка өлкөлөрдө чоң концерттик залдар көп экендигин жана учурда Кыргызстанга башка улуттун маданият өкүлдөрүн коноко чакырууга уят экендигин белгилешти.


Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-emgek-siirgen-artisti-zhamilya-muratova-prezidentke-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий