Кримтөбөл «Сакалдын» иши 22-майда Жогорку сотто каралат
Соттук угуу кримтөбөлдүн жактоочусунун өтүнүнчү менен жылдырылды.Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Отурум бүгүн 16-майда болмок, бирок жактоочунун өтүнүчү менен «Сакал» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Улан Токтосуновдун ишин кароо 22-майга, саат 15:00гө жылды.
Эске салсак, аталган иш Жогорку сотко Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын арызы боюнча келип түшкөн. Жаңы мыйзамдардын күчүнө киргендигине байланыштуу камактагы бардык адамдардын иштери кайра кароо үчүн сотко жиберилет.
Эскерте кетсек, Улан Токтосунов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмүн уюштурууга күнөөлүү делип, 17 жылга эркинен ажыратылган.
Ссылка: https://barometr.kg/krimtbl-sakaldyn-ishi-22-majda-zhogorku-sotto-karalat
Добавить комментарий ×