Путиндин жан сакчысы жумуш ордунда өз жанын кыйды

1 декабрь 2020 12:20 2011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия президенти Владимир Путиндин жан сакчысы Михаил Захаровдун жансыз денеси Кремлден табылды. Бул тууралуу Baza Telegram каналына жазылган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Захаров кызмат өтөп жатып өзүн-өзү атып салган.

Маркумдун кесиптештери анын өз өмүрүн кыюуга Федералдык Коопсуздук кызматынын  жетекчилигинин катаал жана кайдыгер мамилеси түртүкү болушу мүмкүн. Ошондой эле, ага жүктөлгөн кошумча жумуш убактысы да себеп болушу мүмкүн дешет. Анткени, ал акыркы нөөмөттөрдүн биринде жумушта 15 сааттан ашык иштөөгө аргасыз болуп келген.

Маркумдун жубайына Захаровдун өлүмүнүн себептери жөнүндө маалымат берилген эмес, ошондой эле ал өзүнө-өзү кол салганы тууралуу да азырынча айтыла элек. Анын жубайы жөн гана белгисиз себептерден улам жолдошунун каза болгону тууралуу гана кабардар болгон.

Туугандарынын айтымында, Захаров аялы менен жашаган эмес жана өткөн жылдын декабрь айында эки тараптын макулдугу менен ажырашып  кетишкен.

Белгилүү болгондой, маркум орус лидеринин жол коопсуздугу боюнча атайын каттамдар менен өтүүсүнүн камсыз кылып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/kremlde-putindin-zhan-sakchysy-z-zhanyn-kyjdy



Добавить комментарий