КРдин фармассоциациясы дарыканада иштегендерди ыксыз сындоодон алыс болууга чакырды

20 март 2020 18:30 1244 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Фармкомпаниялар менен дарыканалар Кыргызстандагы жарандардын толук суроо-талабын канааттандыруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Кыргызстандын фармассоциациясы билдирди.

Дарыканада иштегендер күнү-түнү жумушта болуп, өзүлөрүнүн иштерин дыкат аткарууда.

"Алар дайыма түрдүү кишилер менен контакта болушат. Дары-дармек ташыгандар дагы чыңалуу менен иштеп, ага карабастан өзүлөрүнүн милдеттерин так аткарып жатат. Себеби, алар жарандардын дары-дармекке болгон муктаждыгын камсыздоо алардан көз каранды экенин жакшы түшүнүшөт”, — деп айтылат маалыматта.

Фармкомпаниялар менен дарыканалар үчүн элге жардам берүү эң башкы максат. Алар азыркы кырдаалга карабай милдетин адамкерчилик менен аткарууда. Алардын дарегине айтылган, жасалган терс аракеттер болгону абалды ого бетер курчутат.

“Андыктан бардык тараптарды фармкызматкерлерине негизсиз сын айтып, алардын ишин жокко чыгаруу аракетинен оолак болууга чакырабыз”, — деп билдирүүдө айтылат.

Ошондой эле популистик билдирүүлөрдөн кармануу керектиги дагы сунушталат. Себеби, фармкомпаниялар менен дарыканалар жарандар алдындагы жоопкерчилигин сезип, мындай учурда бардык жарандарга дары-дармектин жеткиликтүү болушун камсыздоого болгон күчүн жумшайт.

Эскерте кетсек, учурда дарыканаларда медициналык беткаптарга талап курч болууда. Андыктан Саламаттык сактоо министрлиги анын баасын 10 сом деп белгилеп, бир кишиге үчтөн гана беткап сатылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/krdin-farmassociaciyasy-darykanada-ishtegenderdi-yksyz-syndoodon-alys-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий