Көп кабаттуу үйгө “Байларга жана аялы барларга интимдик тейлөө көрсөтөм” деген жарыя илинди

26 апрель 2019 18:19 17230 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Темиртау соту таң калыштуу кылмыш ишин карап чыкты. Аталган шаардагы көп кабаттуу үйдун дубалына “Байларга жана аялы барларга интимдик тейлөө көрсөтөм” деген жарыя илинген жана телефон номери жазылган.Бул тууралуу kriminalka.kz. сайты кабарлады.

Бул жарыядан кийин шаардыктар бир топ дүрбөлөң болуп белгисиз аялды интернетте айбай сындашкан. Алардын бири аялды сындаса, экинчилер кыйын аял экен деп макташкан.

Эки айдан кийин жарыянын автору менен көрсөтүлгөн номердин ээси бул боюнча козголгон кылмыш ишинин сотунда жолугушту. Көрсө аялы күйөөсүнүн көңүлдөшүнө ачууланып ушундай жорукка барган экен. Ал күйөөсүнүн “сүйүктүүсүнүн” номерин жазып көрсөтүү менен ушундай жарыяны тараткан. Ага чейин аны кабарлама жиберип сөгүп, урушуп, ызы-чуу кылып турганы сотто белгилүү болду.

Учурда сот  жарыяны илген аялды күнөөлүү деп таап 48 миң 100 теңге айып салды.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kp-kabattuu-jg-bajlarga-zhana-ayaly-barlarga-intimdik-tejl-krstm-degen-zharyya-ilindi



Добавить комментарий