Видео. Бишкектеги кѳп кабаттуу иммараттан кулаган кыз тирүү

6 ноябрь 2019 14:40 4143 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан жаш кыз кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, окуя Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулуш объектисинде («Бай-Таш груп» компаниясына таандык) болгон. Жаш кыз 11-кабаттан пенопластка кулап түшкөн.

Акыркы маалымат боюнча оор жаракат алган кыз Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жеткирилди.

«Bay Tash Tower» турак жай комплекси жана бизнес борбору 19 кабаттан турат.

Ссылка: https://barometr.kg/kp-kabattuu-immarattan-kulagan-kyz-tir



Добавить комментарий