Кожоюнун 1 ай күткөн "Хатико" интернетте талкуу жаратууда

10 декабрь 2018 09:17 1179 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Интернет булактарында АКШнын Калифорния штатында кожоюнун 1 ай күткөн иттин сүрөтү кызуу талкууга алынууда. Маалыматка ылайык Калифорнияда 8-ноябрда чоң өрт кырсыгы катталган.

Жаш жубайлар өрттүн айынан күчүгүн куткара алышкан эмес. Алар коопсуз жайга кеткенден кийин иттин тирүү калганы белгилүү болгон. Эң кызыгы ит кожоюндарын 1 ай бою окуя болгон жерге келип күтүп жаткан. Куткаруучулар итти башка жака алып кетүү аракеттерин көрүшкөн, бирок мындан эч кандай майнап чыккан эмес. Кызматкерлер аны ошол жерден багып, курсагын тойгузуп турууга мажбур болушкан.

Кийинчерээк жаш жубайлар өрттөнгөн үйүнө барууга уруксат алып барып күтүп жаткан итин көрүшкөн.

Бул маалымат соцтармактарга тарагандан тарта кызуу талкууга алынып кеткен. Көпчүлүк иттин өз "үй-бүлөсүнө" кайтканына кубанып билдирүү жазса, алардын арасында тескерисинде өрттөн итти биринчи кезекте куткаруу керек болчу деп нааразычылыгын билдиргендер да болууда. Көпчүлүк итти "Хатико" деп атоодо.

Эске салсак, Калифорниядагы жүрөк үшүн алган өрт кырсыгы 8-ноябрда башталган. Кырсыктан 14 миң курулуш кыйрап, 85 адам каза болуп, 45 миң гектар жер өрттөнгөн.


Ссылка: https://barometr.kg/kozhoyunun-1-aj-ktkn-hatiko-internette-talkuu-zharatuuda



Добавить комментарий