Депутат электр энергиясы үчүн туум албай туруу зарылчылыгын айтты
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев, Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдор менен онлайн баарлашуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шаартында энергетика жана тоо-кен тармагындагы абал талкууга алынып, учурдун урунnтуу көйгөйлөрү көтөрүлдү.
Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасир тийгизүүчү маанилүү тармактар энергетика жана тоо кен тармагы экенин айткан эл өкүлү, онлайн баарлашууда тиешелүү мекемелердин жүргүзгөн иш аракеттерине жана кызматкерлеринин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу маселелерине токтолду.
Ошондой эле төлөнбөгөн электр энергиясы үчүн туум албай туруу зарылчылыгын Кожобек Рыспаев кошумчалады.
«Быйыл суу жетишсиздиги болоору айтылууда. Ал эми Өкмөт кайра калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндөгү мыйзамдын алкагындагы иш-аракеттерди кечеңдетип келет. Тез арада бул жаатта тиешелүү иштер жасалышы керек», - деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев буга чейин кайрымдуулук иштерине да көңүл буруп, Жайыл районуна 600 миң сомдон ашык гуманитардык жардам көрсөткөн.
Аталган аймактагы айыл өкмөттөрдө жана Кара-Балта шаарындагы ооруканаларда эмгектенген дарыгерлерди вирустан коргонуучу каражаттар менен камсыздап, көп балалуу жана жалгыз бой энелерге, мугалимдерге керектүү азык-түлүктөрдү тапшырган. Ал эми райондук ооруканасына жасалма жол менен дем алдыруучу аппаратты белеке берген.
Ссылка: https://barometr.kg/kozhobek-ryspaev-tez-arada-bul-zhaatta-tieshel-ishter-zhasalyshy-kerek
Добавить комментарий ×