Кожобек Рыспаев: "Эркиндик бульвар иткана болуп калды"
Бишкектеги Эркиндик бульвары эркиндик эмес эле, иткана болуп калды. Мындай пикирди депутат Кожобек Рыспаев бүгүнкү 7-февралда болуп жаткан парламенттик жыйында билдирди.
"Эртең менен эрте саат 7лерде паркты аралап бассаң, адамдардан иттер көп. Маданият тууралуу сүйлөп жатабыз. Адамдар иттерине каргы такпай эле жетелеп жүрүшөт. Көрүнгөн газондорго барып булгап жатышат алар. Ал жерден мектеп окуучулары өтөт, жаш балдар ойнойт. Илгери ит атарлар иттерди тазалап атып турчу эле. Азыр контролдогон эч ким жок. Мэрияга ушул боюнча тапшырма берсек"-деди депутат.
Кожобек Рыспаев ошондой эле иттер жугуштуу ооруларды дагы жуктурушу мумкүн экендигин белгилеп, башка адамдар коркпой сейилдеши керектигин кошумчалап өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/kozhobek-ryspaev-erkindik-bulvar-itkana-bolup-kaldy
Добавить комментарий ×