Коррупционерлерди ачыктаган Анара Мамбеталиева кызмат ордуна кайтат

18 октябрь 2018 11:35 1352 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу экономикалык жана коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева кызмат ордуна кайтат. Бул маалымат менен Мамбеталиева өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Кудайым буюрса Ата-Мекенге кызмат кылууну 19-октябрдан тартып улантам" -деп жазды ал.

Эске салсак Анара Мамбеталиева кызмат ордунан мыйзамсыз эле алынгандыгы тууралуу өзү кабарлаган болчу. Ал жумуш ордундагы коррупция жөнүндө ачыктап жадакалса коррупционерлердин аттарын да атаган. Бул маалыматтардын айрымдары далилденген.

Ссылка: https://barometr.kg/korrupcionerlerdi-achyktagan-anara-mambetalieva-kyzmat-orduna-kajtat



Добавить комментарий