Анара Мамбеталиеванын үнү президентке жетти

27 август 2018 13:10 10446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерге катышы барларды тыкыр иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды. 

Бул тууралуу  президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   

Белгилей кетсек,  буга чейин Анара Мамбеталиева Мамэкотехинспекцинын басма сөз кызманынын айрым кызматкерлери коррупцияга малынганын ачык айтып,  кээбирлеринин атын атап чыккан. Ал аталган инспекциядагы жумушунан бошотулганын жазып чыгып, бул анын ички коррупция менен күрөшүү далалатынын жыйынтыгы болгонун белгилеген. Ал эми соцтармактарда мурдагы маалымат катчынын кызматтан айдалышы кызуу талкууга алынууда. Колдонуучулардын басымдуу бөлүгү коррупцияны жектеп, Мамбеталиеванын таламын талашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/anara-mambetalievanyn-n-prezidentke-zhetti



Добавить комментарий