Коронавируска каршы жолдор дагы дезинфекцияланды (сүрөттөр)
Коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында Өзгөчө кырдаалдар министирлиги (ӨКМ) жолдорду жана имараттарды дезинфекциялоо иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматта, 18-август күнү өлкө боюнча 61 400 метр унаа жолдор, 28 000 ч.м. имараттар дезинфекцияланган.
Жалпысынан аталган министирлик тарабынан 1502 адамга ысык тамак-аш берилген.
Министирликтин ишеним телефону 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 825 чалуу катталып, анын ичинен 85 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.
Дезинфекциялоо жумуштарын аткарууга, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү), Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин (ӨКМ) 200 кызматкери жана 17 унаасы тартылган.
Добавить комментарий ×