Коронавирус: акча менен гумжардамды бөлүштүрчү комиссиянын курамы аныкталды

31 март 2020 15:25 1383 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өкмөттүн буйругу менен коронавируска каршы күрөшкө келип түшкөн акча жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссияга мүчө болду. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Комиссиянын алгачкы отуруму 30-мартта болгон. Бүгүн, 31-мартта дагы болот.

Аталган комиссиянын курамы:

Комиссиянын төрагасы - Самат Кылжыев, өкмөттүн аппарат жетекчиси

Комиссиянын төрагасынын орун басары - Замирбек Аскаров, өзгөчө кырдаалдар министри

Комиссиянын төрагасынын орун басары - Улукбек Кочкоров, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Аида Касымалиева - ЖК, вице-спикер

Сайдулла Нышанов - ЖК, депутат

Турусбеков Бактыбек - ЖК, депутат

Улан Маматканов - Өкмөт, бөлүм башчы

Суеркул Абдыбалы тегин - Каржы министринин орун басары

Амангелди Исаев - Айыл чарба министринин орун басары

Максат Усубалиев - Президенттин аппараты, бөлүм башчынын орун басары

Мирлан Атакулов Саламаттыкты сактоо министрлиги

Назгүл Турдубекова - "Лига защитников прав ребёнка"

Бурулсун Суйуналиева -"Фонд развития социальных услуг".

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-krsh-chn-kelip-tshkn-akchany-gumzhardamdy-blshtrch-komissiyanyn-kuramyna-kimder-kirdi



Добавить комментарий