Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча келип түшкөн каражаттар кандай бөлүштүрүлүүдө?

12 май 2020 16:02 1340 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларын каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттары кандай бөлүштүрүлүп жатканы боюнча өкмөттүн маалымат кызматы билдирүү таратты.

2020-жылдын 12-майына карата Саламаттык сактоо министирлигинин эсебине 137 млн 288 миң 648 сом түшкөн. Анын ичинен 134 млн 144 миң сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.

Ал эми 12-майга карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 17 млн 293 миң 262 сом түшкөн, анын ичинен 16 млн 139 миң 996 сом жумшалган.

 Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен атайын сайттан таанышууга болот.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-infekciyasyna-karshy-karzhyloo-esepterinin-abaly-tuuraluu-2020-zhyldyn-12-majyna-karata-maalymat



Добавить комментарий