Кореядан кыргызстандык оор атлетиктер байгелүү келишти

16 май 2023 11:06 870 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында бишкектик оор атлетиктер байгелүү келишти. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын СДЮСШОР мектебинин тарбиялануучулары Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында күч сынашты.

Эмил Молдодосов  жулкуп көтөрүүдө күмүш медаль тагынды.

Эмил Молдодосов 10-майда 89 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Жалпысынан 16 спортчу катышты.

Жулкуп көтөрүүдө Молдодосов алгач 160 кг, андан соң 166 кг, үчүнчү аракетинде 169 кг көтөргөн, бирок аракети ийгиликтүү болгон жок.

Жыйынтыгында кыргызстандык кытайлыктарга 14 кг салмакта жеңилип, 2-орунду ээледи. Бул үчүн ал кичи күмүш медалын тагынды.

Жулкуп көтөрүүдө Молдодосов бир гана аракетти ишке ашыра алды, анда ал 187 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

Анын акыркы жыйынтыгы 353 кг салмакты көтөрүп, 7-орунду ээледи.

Ал эми Бекдөөлөт Расулбеков түртүп көтөрүүдө кичи коло медаль тагынды.

Ал 12-майда 102 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти. Расулбеков жулкуп көтөрүүдө биринчи аракетинде 164 кг көтөрсө, андан кийинки эки жолу 169 кг салмакты көтөрө алган жок. Жыйынтыгы боюнча кыргызстандык 7-орунду ээледи.

Эки дисциплинанын жыйынтыгында Расулбеков 381 кг жыйынтык көрсөтүп, жыйынтыктоочу 6-орунду ээледи. 

Ссылка: https://barometr.kg/koreyadan-kyrgyzstandyk-oor-atletikter-bajgel-kelishti



Добавить комментарий