Кордайдын Масанчи айылындагы массалык баш аламандыктын кесепеттери сүрөттө
Казакстандын Кордай районундагы Масанчи айылында 7-февралдан 8-февралга караган түнү массалык мушташ болуп, ок дагы атылган. Акыркы маалыматтар боюнча 8 киши каза болуп (арасында бир полиция кызматкери бар) 40тан ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.
Окуядан кийин полиция тарабынан 50гө жакын киши кармалып, алардан мергенчинин эки мылтыгы алынган.
Алдын ала маалымат боюнча мушташ 80 жаштагы карыянын сабалышынан улам чыккан. Анда казактар менен дунган улутундагы жаштар кагылышкан. Массалык мушташтын кесепетинен ондогон турак-жай менен соода борборлору күйүп, машиналар талкаланган.
Ал ортодо социалдык тармактарда Кордай жактагы кыргыз-казак чек арасынан Казакстандан Кыргызстанга өтүү үчүн кезек күткөн жоон топ элдин видеосу тарады. Анда балдарын жана баштыктарын көтөрүп кезек күтүп турган аялдарды жана жаш балдарды көрүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kordajdyn-masanchi-ajylyndagy-massalyk-bash-alamandyktyn-kesepetteri-srtt
Добавить комментарий ×