Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен Экотехинспекциянын башчысы Жунушев кызматтан кетет
Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен сунуштарды аткарбай, аларды бузган бир катар кызматкерлерди кызматтан алуу сунушталган. Бул тууралуу аталган кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушев кызматтан алынат.
"Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында саламаттык сактоо жана энергетика маселелери талкууланат. Экотехинспекциясынын башчысын кызматтан алуу сунушталды. Анын кол алдында иштеген алты киши такай пара алып келгени үчүн кармалган. Ошондой эле бул мекемеде Коопсуздук кеңештин чечимдерин аткарууда эреже бузуулар болгон", — деди ал.
Белгилей кетсек, Жолдошбек Жунушев бул кызматка 2018-жылы дайындалган.
Добавить комментарий ×